КАЦЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЦЕВ Александр Самуилович (24. 03. 1946- ж. т., Фрунзе) – адабиятчы, филология илимд. доктору (1992). КМУнун филология ф-тин (1969), ошол эле жерден аспирантураны (1976) бүтүргөн. 1969–73-ж. Пржевальск пед. ин-тун­да окутуучу, 1973–76-ж. М. В. Маяковский атн.
Кыргыз мамл. кыз-келиндер пед. ин-тунда ка­федра башчысы, доцент, проф. (1978), 1997- жылдан КРСУнун журналистика кафедрасын­да окутуучу, Еврей мад-тын окутуу борборунун директору. 260тан ашык ил. эмгектин, а. и. 7 методикалык колдонмонун, 3 сөздүктүн, ад-т б-ча 3 программанын автору.



Эмг.: Человек и природа. Охрана окружающей среды и ее отражение в литературе. Ф., 1984; Реаль­ный факт, прототип, образ в советской литературе 20-х годов. Ф., 1986; Возвращенные имена: Из ис­тории современной русской литературы. Б., 2002.