КАУНАС
КА́УНАС (1917-ж. чейин К о в н о) – Литвадагы шаар. Каунас уездинин адм. борбору. Нямунас (Неман) д-ндагы порт. Калкы 355,5 миң (2008); калкынын саны б-ча өлкөдөгү Вильнюстан кийинки 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Тогуз жолдун тоому. Алгач 1030-жылдан эскерилет. 1795-жылдан Россия империясынын курамында болгон. 1919–40-ж. Литва Респ-нын борбору. Готика стилиндеги шаар сепили (13–17-к.) ж-а Витовта костёлу (14–15-к.), Пятро ир Повило кафедралуу собору (15–16-к.), барокко стилиндеги ратуша (16–18-к.), иезуиттер чиркөөсү (1666), монастырь (17-, 18-к-дын башы) ж. б. сакталган. Шаардын жаңы бөлүгү 19-к-дын орто ченинен курула баштаган. Витовта аскер музейинин мунарасына 1935-ж. карийон (коңгуроо топтомдорунан турган клавишалуу механизм; 1958-, 2006-ж. жаңыртылган) орнотулган. Машина куруу (станок, электр моторлору, телевизор, мед. жабдуулар ж. б.), металл иштетүү, тамак-аш (эт, сүт, сыр ж-а макарон азыктары), полигр., хим. (жасалма була), фармацевтика, кагаз, полигр., курулуш материалдар ө. ж. ишканалары, ГЭС иштейт. Салттуу жеңил (трикотаж, жүн, жибек буюмдар, бут кийим ж. б.) ө. ж. жана көркөм кол өнөрчүлүк (булгаарыга наар түшүрүү, жүндөн ж-а жыгачтан буюм жасоо, көркөм карапа) өнүккөн. Алкоголдуу ичимдиктерди өндүрүүчү «Stumbras» (1906) ж-а макарон азыктарын чыгаруучу «Amber Pasta» ири компаниялары иштейт. ИИИлер (бакчылык, токойчулук, энергетика), ун-ттер, мед. ветеринария, а. ч. академиялары, эл аралык менежмент мектеби, 3 театр (а. и. драма, муз., куурчак), калк китепканасы, 40ка жакын музей (а. и. М. К. Чюрлёнис атн. сүрөт, ад-т, тарых, зоол., ж. б.), сүрөт галереясы бар. Эл аралык «Каунас-жаз» ж. б. муз. фестивалдар ж-а коңгуроо музыкасынын концерттери (1956) өткөрүлүп турат. Зоол. (1938) ж-а ботан. (1932) бактар уюштурулган. Туризм өнүккөн.