КАТЫШ ИДИШТЕР
КАТЫШ ИДИШТЕР – түп жагы (негиздери) өз ара байланышкан идиштер. Капилляр түтүкчөсүнүн диаметринен чоң диаметрлүү К. и-ге бир тектүү суюктук куюлса, анын формасына карабай суюктуктун деңгээли бирдей болот (1- сүрөт).

Суюктук манометри, буу казандарынын суу өлчөгүч айнек түтүкчөлөрү К. и-ге негизделген. Эгерде К. и-ге бир тектүү эмес, тез аралашып кетпеген
суюктуктар куюлса, анда ал суюктуктардын деңгээли тыгыздыгына жараша ар түрдүү болот, б. а. p h =p h , мында
p , p – суюктуктардын тыгыздыктары, h1 ж-а h2 суюктуктардын тийишип турган бетинен жогору жагы

2-сүрөт
(2-сүрөт). p h =p h байланышы аркылуу бир
суюктуктун тыгыздыгы белгилүү болсо, экинчи суюктуктун тыгыздыгын аныктоого болот.