КАТУЛЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТУ́ЛЛ Гай Валерий (б. з. ч. 87 же 84, Веро­на – б. з. ч. 54-ж. чен, Рим) – рим акыны. «Нео­терик» акындар (Цицерондун аныктамасы б-ча «жаңы акындардын») ийриминин эң бараандуу­су. Сүйүү лирикасы күчтүү сезими м-н айырма­ланат. Көбүн эсе сүйүү ырларынын, эпиталама­лардын, эпиграммалардын, «Пелея менен Фе­тиданын үйлөнүү тою», «Аттис» сыяктуу поэма­лардын автору.