КАТРАҢ-БАШЫ АЛЮМИНИЙ КЕНИ
КАТРАҢ-БАШЫ АЛЮМИ́НИЙ КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Түркстан–Алай кырка тоосунун түн. капталында, Катраң-Башы тоосунда, деңиз деңг. 1450–3000 м бийикте. Издөө иштери 1964–73-ж. жүргүзүлгөн. Кен аймагы девон м-н алгачкы таш көмүр мезгилиндеги карбонат катмарларынан түзүлгөн. Алардын диаспор-темирлүү курамында бокситтин 100дөй жикчеси бар. Алюминий кычкылынын өлчөмү 38,38–62,76%, оттук таш модулу 2р–8,4. Алюминий кычкылынын болжолдуу запасы 4110 миң т.