КАТОД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТО́Д (гр. kfthodos – төмөн түшүрүү, кайры­луу) – 1) электрондун булагы болуп кызмат кы­луучу электр боштугунун же газ разряддуу при­бордун терс электроду. Ал электрод аралыгын­дагы мейкиндиктин боштуктагы же газдагы өткөрүмдүүлүгүн камсыз кылат. Электрондорду чыгарышына жараша термоэлектрондук, фото­электрондук ж-а муздак К. болуп айырмаланат; 2) ток булагынын (аккумулятор, гальвани эле­менттери ж. б.) терс электроду; 3) электр жаасы­нын, электролит ваннасынын ж. б. түзүлүштөр­дүн ток булагынын терс уюлуна туташтырылуу­чу электроду. «К.» терминин 1934-ж. М. Фара­дей киргизген.