КАТАРЛАП СЕБҮҮ
КАТАРЛАП СЕБҮҮ – дан эгиндерин себүү ыкмасы. Үрөн 10–25 см катар аралыкта дисктүү же сошниктүү сепкич м-н себилет. Дисктүү сепкичти таштак, нымдуу жерге, сошниктүүсүн майда топурактуу аянттарды айдоодо пайдаланса, үрөн белгилүү тереңдикте, текши себилип, жапырт өнүп чыгат. К. с-нүн кемчилиги: өсүмдүктөрдүн аралыгы узунунан алганда өтө эле
жакын, катарынан алганда алыс болуп, өсүмдүктүн азыктануу аянты бир капталы кууш төрт бурчтук (12,5– 15х2 см) болуп калат. Бул кемчиликти кайчылаш себүү аркылуу жоюуга болот.