КАТАПУЛЬТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТАПУ́ЛЬТА (лат. catapulta, гр. kata- – ыл­дый ж-а раllein – ыргытуу дегенден) – 1) кый­раткыч нерселерди (жумуру таш, учталган ус­тун, өрттөнмө челек ж.б.) чыйратылган серпил­гич аркандын жардамы м-н ыргытуучу байыр­кы аскер куралы. Анын ыргытуу алыстыгы 250–850 мге жеткен. Байыркы гректер ж-а рим­диктер К-ны сепилдер м-н чептерди алууда пай­даланган; 2) кемелердин палубасынан кыска ара­лыкта самолёт, планер ж. б. учуучу аппарат­тарга баштапкы (старттык) ылдамдык берүүчү түзүлүш; 3) зарыл учурда учуп жүргөн учкучту же космонавтты отурган орундугу м-н кошо автоматтык түрдө серпип (катапульталап) чы­гаруучу курулма. К-ланган учкуч же космонавт жерге парашют м-н түшөт; 4) механизмдерди сыноодо, К-лоо ыкмаларын иштеп чыгууда, уч­кучтар м-н космонавттардын а шыкча күч келүүлөргө машыктырууда колдонулуучу жер үстүндөгү курулма.