КАТАЛОНДОР
КАТАЛОНДОР (өздөрүн каталанс деп аташат) – Каталониянын негизги калкы. Испаниянын түн.-чыгышындагы эл. Франция, Италия, Түн. ж-а Түш. Америка (Аргентина, Бразилия, АКШ, Мексика, Венесуэла ж-а Куба) өлкөлөрүндө да жашашат. Жалпы саны 7 млн киши (2007). Каталан ж-а испан тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – католиктер. К-дун ата-бабалары иберий урууларынан. 12-к-да К-дун көбү Арагон королдугунун курамына кирген. 15-к-да Ис-

панияга бириккен. 18-к-дын башында испандаштыруу саясатынын натыйжасында каталан тили үй-тиричилигинде эле колдонулуп калган. К. өзүнчө автономия алыш үчүн узак убакыт күрөшүп, анын жүрүшүндө улут болуп калыптанган. Испан Респ. түзүлгөндөн (1931) кийин, К. автономияга ээ болгон (1932). Бирок, франкочулар басып алганда автономия жоюлуп, 1977-ж. кайрадан калыбына келтирилген. К. негизинен дыйканчылык м-н кесиптенишип, таштан салынган эки кабаттуу, о. эле дубалы топурактан согулуп, шыбалып, акталган, үстү камыштан жантайма чатырчаланган бир кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Эркектер ичке же кенен тигилген көйнөк, күрмө, бир түстүү же жолжолу бар тизеге чейинки кыска шым, булгаары бут кийим, башына кызыл же кызгылт көк
түстөгү калпак – барретина, саймаланган чий
калпак кийип (Валенсия м-н Балеарда эркектер жоолук салынып, капталынан же артынан байлап алган), үстүнө чакмактуу же жол-жолу бар жүндөн токулган шалы жоолук жамынган.
Аялдар колуна жең кап – манготс, кыска жеңдүү
кофта, ачык түстүү кездемеден тигилген кыска юбка кийип, алжапкыч тагынып, шалы жоолук салынган. Салттуу тамак-ашы – бышкан
эт, эскуделья – эттин сорпосуна бышкан кесме,
корнадалья – эт кошулган картөшкө ж-а төө
бурчак, паэлья – эт кошулган күрүч, балык,
жашылча-жемиштер). Улуттук бийи – сардана,
болангера ж. б.