КАТАЛИЗАТОРЛОР
КАТАЛИЗАТОРЛОР – реакция учурунда сарпталбаган, бирок анын ылдамдыгын өзгөртүүчү заттар. К. хим. аракеттенүүгө катышат, бирок баштапкы салмагын ж-а курамын калыбына келтире алат. Гомогендик реакцияларда процесс реакциялануучу көлөмдө жүрсө, гетерогендик реакцияларда К-дун сырткы бетинде жүрөт. К-дун процесске тийгизген таасирин арттыруу
үчүн аралаштыруу же ысытуу керек. К-дун бетинин аянтын көбөйтүш үчүн майдаланган, тешиктүү такталарды, торчолорду колдонуу ыңгайлуу. К-дун активдүүлүгү – анын негизги мүнөздөмөсү. Ал массанын, көлөмдүн концент. же
үстүңкү бетинин бирдиги м-н аныкталат. 1 м2
К-дун үстүңкү бетине туура келген активдүүлүк
өздүк катализатордук активдүүлүк деп аталат. К. реакцияга тандама таасир этет. Мис., ар түрдүү К-ду пайдалануу м-н этил спиртинен түрдүү заттарды алууга болот. К-дун түрү көп. Кислота-негиздик реакцияларга: сууда эрүүчү к-таталар, негиздер, катуу оксиддер, алюмосиликаттар, галогендер, комплекстүү бирикмелер ж. б. кирет. Ал эми окистенүү-калыбына келүү реакцияларында металлдар (М, Ni, Fе, Со ж. б.) ж-а алардын бирикмелери, оксиддер, сульфиддер ж. б. колдонулат.