КАТАЛАУН ТАЛААСЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТАЛАУ́Н ТАЛААСЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ – 451-ж. Франциянын түн.-чыгышында­гы Каталаун талаасында (азыркы Труа ш-нын аймагы) айрым герман уруулары (вестготтор, бургунддар, франктар, аландар) м-н бирге Аэций башкарган рим ж-а хунн аскерлеринин ортосун­да болгон согуш. Бул салгылашуу Аттила баш­таган хунндардын Галлияга, жалпы эле Евро­пага басып киришин токтотуп, алардын союзун ыдыраткан.