КАТАКОМБА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТАКО́МБА – жер алдындагы жасалма же табигый жайлар. Илгери диний ырым-жырым өткөрүү, табыт коюу үчүн пайдаланылган. К. Римдин чет жакалары, Египет, Алдыңкы ж-а

Катакомба маданияты: 1, 2 – чопо идиштер; 3 – жарма көр ж-а ага коюлган сөөк; 4 – жез бычак; 5 – жез шибеге.

Кичи Азия ж. б. жерлерде кездешет. Байыркы Рустун К. сымал жайлары Киев-Печора лавра­сында сакталып калган. Мурда таш ж. б. алын­ган жер астындагы казмалар да К. деп аталат. Одесса м-н Ажимушкайдын айтылуу К-ларын Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде сов. партизандар душманга каршы күрөштө пайда­ланган. Кыргыз жеринде 1–5-к-да жашаган көчмөн уруулардын казанактуу көрлөрү К. деп шарттуу аталат.