КАСЫМОВ Эркин

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСЫМОВ Эркин (22. 7. 1941, Чүй обл., Соку­лук району, Орок айылы – 8. 3. 2010, Бишкек) –

опера ырчысы (баритон). Кырг-н Ленин комсо­молу сыйл. лауреаты (1979), Кыргыз ССР эл. арт. (1987), КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (2006). 1969-ж. Москвадагы П. Чайковский атн. консер­ватори янын алдындагы муз. окуу жайды, Б. Бейше­налиева атн. КМИИнин во­калдык бөлүмүн (1981) бү­түргөн. 1969-жылдан Кыр­гыз мамл. опера ж-а балет театрында иштеген, ошол эле мезгилде КР Маданият министрлигинин Иск-во башкармалыгынын жетекчиси болгон (1991–99). 50дөн ашык опе­рада партияларды аткарган. Негизги ролдору – Риголетто (Ж. Верди, «Риголетто»), Скарпиа (Ж. Пуччини, «Тоска»), Тонио (Р. Леонкавал­ло, «Паяцы»), Томский (П. И. Чайковский, «Кар­ганын маткеси»), Фигаро (Ж. Россини, «Се­вильялык чач тарач»), Амансоро (Ж. Верди, «Аида»), Эскамильо (Ж. Бизе, «Кармен»), Ма­нас, Токтогул (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фе­ре, «Манас», «Токтогул»), Хан (С. Осмонов, «Се­пил»), Сапарбай (Н. Давлесов, «Аста-секин, ко­лукту»). Кыргыз, орус, чет элдик композитор­лордун ырларын, романстарын да чебер аткар-


Риголетто – Э. Ка­сы мов. Ж . Вер ди «Риголетто», 1979.

ган. Моңголия Хуралынын Ардак грамотасы м-н сыйланган. Түркия, Моңголия, Кипрде, КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болгон.