КАССИТЕРИТ
КАССИТЕРИ́Т (гр. kassiteras – калай), калай таш –

оксиддер классына кирүүчү минерал. Хим. формуласы SnO2, тетрагон системасында кристаллданат. Өңү-түсү боз, саргыч боз, күрөң, саргыч күрөң, кара күрөң, кызгылтым күрөң, кара, кээде түссүз. Катуулугу Моостун шкаласы б-ча 6–7. С. салм. 6,5–7,5. Гидротерм, пневматолит процесстеринен пайда болот. Пегматит тарамдарында көп кездешет. Кварцкасситерит, сульфид-касситерит тарамдарында пайда болгондору ө. ж-лык мааниге ээ. Кычкылданууга, талкаланууга туруктуу. Чачыранды түрдө көп кездешет. Негизги калай кени болуп эсептелет.