КАСПИЙ БОЮ ОЙДУҢУ
КА́СПИЙ БОЮ ОЙДУҢУ Каспий деңизинин түн. жээгинде, Чыгыш Европа түздүгүнүн түш.-чыгышында ж-а Батыш Казакстандын аймагында жайгашкан. Аянты 200 миң км2дей. Жапыз, түзөң рельефтүү, ички бөлүгү деңиз деңг. 28 м төмөн жатат (Европанын эң чуңкур жери); четжакалары 100 мге чейин көтөрүлөт. Туздуу дөңсөөлөр бар (эң бийик жери 149 м, Чоң Богдо). Бэр дөбөлөрү (жарыш жаткан жал, дөбөлөр) мүнөздүү (Кума ж-а Эмба д-нын чаттарында). Волга, Терек, Сулак д-нын дельталарын, Урал, Эмба д-нын төмөнкү агымдарын камтыйт. Чыгыш Европа платформасынын синеклизасын ээлейт. Чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Нефть ж-а газ (Урал-Эмба нефть-газ бассейни) кендери бар; көлдөрүнөн (Эльтон, Баскунчак) кайнатма туз алынат. Астрахань коругу уюшулган.