КАСМАМБЕТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСМАМБЕТОВ Сапарбек (30. 5. 1934-ж. т., Ысык-Көл р-ну, Корумду айылы) –

белгилүү ма­насчы, төкмө акын, жазуучу. 1972-ж. Каракол ш-ндагы пед. окуу жайын, 1982-ж. Б. Бейше­налиева атн. иск-во ин-тунун фольклор бөлү­мүн бүтүргөн. 1964-ж. Ба­лыкчы ш-ндагы мад-т үйү­нүн директору, 1968–79-ж. мектепте мугалим, 1979– 97-ж. Балыкчы ш-ндагы балдар чыг-лык борборунда методист, директордун орун басары болуп иштеген. 1997-жылдан аталган бор­бордо балдарга «Манас» са­багын окутуп келет. Манас­чынын эскерүүсүнө караганда атасы Касмамбет комузду мыкты черткен, жорго сөздү түрлөнт­көн, энеси Сайраке да чоң дастандарды, уламыш, жомокторду айткан жамакчы болгон. Ал өзүнүн «Манас» айтып калуусун көпчүлүк манасчылар­дай эле кереметтүү түш көрүү м-н байланышты­рат. «Бала кыялы» (1994), «Эр Кошой» (1994), «Бала Манас баяны» (1998), «Балыкчы баяны» (1998), «Билерик» (2003) аттуу китептери жа­рык көргөн. КР УИАнын Кол жазмалар фонду­сунда анын айтуусундагы «Семетей» эпосунун «Кырк чоронун өлүмү» аттуу окуясы жазылып, сакталып турат. 1995-ж. Лондондо Би-Би-Си ра­диосу уюштурган «Манас» кечесине ж-а 2006-ж. «Түрк тилдүү элдердин музыкасы» аттуу эл ара­лык ил. конф-яга «Манас» айтып катышкан. 2009-ж. Улуу Британиядагы Азия ж-а Африка изилдөөлөрү б-ча ун-т анын варианты б-ча ком­пакт дисктери м-н коштолгон «Манас» ж-а «Се­метей» эпосторунун англис тилиндеги китебин «Семар паблишерс» басмасы тарабынан басып чыгарган. 2010-жылы «Улуу баян» коомдук фон­ду тарабынан Кыргыз эл манасчысы, 2011-ж. залкар манасчы деген наамдарга татып, «Ма­нас-1000», «Даңк» медалдары м-н сыйланган.