КАСИЕВ Сапаш

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСИЕВ Сапаш (1932-ж. т., Ысык-Көл обл., Ак- Суу р-ну, Маман айылы 24. 11. 2011, Бишкек) –

биология илимд. доктору (1986), проф. (1987), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1993). Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1989). КМУну бүтүргөн (1957). Кыргыз ССР ИАнын Биология ин-тунда кенже, улук ил. кызматкер (1957– 84), КМУда кафедра башчы­сы (1983–99), КР УИАнын Биология ж-а топурак таа­нуу ин-тунун директору бо­луп (1999–2003) иштеген. 2003-жылдан КР УИАнын Зоология музейинин дирек­тору. Эл агартуунун отличниги. Эмгектери куш­тардын мителерин изилдөөгө арналган. 140тан ашык ил. эмгеги, а. и. 4 монографиясы бар.


Эмг.: Птицы Киргизии (в соавторстве), 3 том. Ф., 1961; Биологические основы борьбы с вредными грызунами (в соавторстве). Ф., 1968; Пухоеды птиц Средней Азии. Ф., 1971; Фауна и экология пара­зитических насекомых Кыргызстана. Б., 1992; Зооло­гия беспозвоночных животных. Б., 2002; Зоологи­ческий музей НАН Кыргызстана Б., 2006; Красная книга КР (в соавторстве). Б., 2007.