КАСИЕВ Накен

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСИЕВ Накен (5. 9. 1947-ж. т., Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Ак-Муз айылы) –

саламаттык сактоо ишмери, коомдук ишмер, медицина илимд. доктору (2000), проф. (2004). КРдин эмгек сиң. врачы (1994). КММИни бүтүргөн (1970). Ош ш-дык ооруканасында, Прикарпат аскер округунун (1971–73), Ош ш-ндагы 4-Башкы баш­кармалыгынын оорукана­сында врач (1973–75), Май­лы-Сай (1975–81), Токмок ш-дык Башкы башкарма­лыгынын ооруканасында (1981–86) башкы врач, Нарын обл. саламаттык сактоо бөлүмүнүн баш­чысы (1986–89), КРдин саламаттык сактоо ми­нистринин орун басары (1989–91), министри (1991–96), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сак­тоо уюмунун (ВОЗ) Европа региондук бюросу­нун президенти. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95). КРдин Мамл. катчысы (1988–2000), Ош обл-нун губернатору (2000–05), 2009-жылдан Улуттук Онкология борборунун директору. Саламаттыкты сактоону уюштуруу б-ча адис. 40тан ашык ил. эмгеги, а. и. 2 моно­графиясы бар. «Ардак Белгиси» ордени, «Даңк» (1998) ж. б. медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: Медико-демографическое исследование Кыр­гызкой Республики (1997). Кыргызстан – США. Б., 1988; Здровохранение Кыргызстана (состояние и перспективы развития). Б., 1998. Проблемы репро­дуктивного здоровья женшин в современных условиях (в соавторстве). Б., 2002.