КАРЫН (тамак сиңирүүчү орган)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЫН – тамак сиңирүү органдарынын азык­ты хим. ж-а мех. жактан иштетүүчү кеңейген жери. К. бардык омурткалууларда ж-а көпчүлүк омурткасыздарда болот. Ал бездүү (тамак си­ңирүүчү) ж-а булчуңдуу (майдалоочу) болуп бөлүнөт. Курт-кумурскаларда майдалоочу К. жакшы өөрчүгөн, ал эми бездүү К. айрымдарын­да гана болот. Ийне терилүүлөрдөн деңиз лилия-

К ар ын: 1 – кызыл өңгөч; 2 – жалтырак кабык; 3 – булчуңдуу катмар; 4 – былжыр че л; 5 – кар ынд ын учу; 6 – он эки эли ичеги.

сында, деңиз жылдызында өөрчүгөн. Оймок ооз­дуулар м-н кээ бир балыктарда өзүнчө мүчө бо­луп бөлүнгөн эмес. Жерде-сууда жашоочулар м-н сойлоочуларда даана бөлүнгөн. Куштардын К-ы бездүү ж-а булчуңдуу бөлүктөн турат. Бул­чуңдуу К-дагы майда таштар, кумдар жемди май­далайт. Кепшөөчүлөрдүн К-ы татаал түзүлүш­түү, 4 бөлүктөн (карын, таз карын, тогуз кат, жумур) турат. Адамдын К-ы ич көңдөйүнүн жо­горку бөлүгүндө орун алган. Сол жагында көк боор, астында уйку бези жатат. К-дын көлөмү ж-а анат. түзүлүшү адамдын жашына, жыны­сына жараша болот. Орто жаштагы кишинин К-ынын уз. 25–30 смдей болуп, 2,5–3 лдей суюктук батат. Анын капталы 3 катмардан ту­рат: сырткы катмары жалтырак жука чел ка­быктан, ортоңку катмар узун ж-а туурасынан кеткен жылма булчуң талчаларынан, ички кат­мар былжырлуу суюктук, пепсин ферментин


ж-а туз к-тасын бөлүп чыгаруучу бези бар был­жыр челден. Булчуң катмары жыйрылып ж-а бошоңдоп, К-га келген тамакты аралаштырып эзип, өлчөмү м-н аз-аздан он эки эли ичегиге чы­гарат. Тамактын хим. жактан өзгөрүүсү карын зи­линин таасири м-н жүрөт. Ичкен тамак-аш ки­шинин К-ында 3–8 саат сакталат. К-дын функ­циясын нерв ж-а гумор факторлору жөнгө салат. О. эле анын иштеши суу ж-а туз алмашууга, бөйрөк, ички секреция бездеринин кызматына, кан айланууга ж. б. процесстерге байланыштуу.