КАРТЕЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРТЕ́ЛЬ (фр. саrtel, ит. саrtello, carta – кагаз, документ) – экон. ж-а юрид. жактан бири-би­рине көз каранды эмес ишканалардын көбүрөөк пайда көрүү үчүн экон. биригүү формасы. К-ге бириккендер өндүрүш көлөмүн жөнгө салуу, бирдей базар бааларын орнотуу, өндүрүлгөн про­дукцияны өткөзүү, жумушчу күчүн жалдоо ж. б. б-ча макулдашышып, келишим түзүшөт. К-ге кирген бардык ишканалар өзүнүн өндүрүштүк ж-а коммерциялык өз алдынчалыгын сактап калат. К-ге бирдей продукция өндүргөн ишка­налар биригет. К. базар экономикасында моно­полиялык көзөмөлгө ээ болгондуктан, көбүнчө көмүскө түрдө түзүлөт. Алар көбүнчө кыска уба­кытка түзүлүп, туруксуз болот.