КАРТАЮУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРТАЮУ – организмде жашка жараша закон ченемдүү өзгөрүүлөр жүрүп, анын ыңгайлануу мүмкүнчүлүктөрүнүн акырындап төмөндөшү. К-да адамдын териси жукарып, бырыш кирип, чачы агарат, түшөт, бою кичирейип, бүкүрөйөт. Адамдын ишке жөндөмдүүлүгү, психикасы ж. б. өзгөрөт. Түрдүү ички ж-а сырткы жагымсыз фак­торлор организмди тез картайтат (патол. кар­таюу). Физиол. К-нун алгачкы белгилери 60 жаштан кийин пайда боло баштайт. К. процес­си ар кайсы органдар м-н ткандарда ар башка мезгилде жүрөт. Улгайгандарда орган м-н сис­темалардын функциясы акырындап төмөндөйт, көздүн тунук кабыгынын тунаруусу күчөп, ка­таракта пайда болот, көрүү начарлайт, кулак каңырыштайт. Көкүрөк деформацияга учурайт (кифоз). Булчуңдардын күчү начарлайт, нерв, жүрөк-кан тамыр системасында өзгөрүүлөр бай­калат. Борб. нерв системасынын атеросклеро­зунан болгон өзгөрүүлөрү акыл-эстин, мээнин начарлашына алып келет. Кан басымы бир аз жогорулайт, жүрөктүн кагуусу жайлайт. Улгай­ган сайын тамак сиңирүүчү ферменттердин ак­тивдүүлүгү, май, амин к-таларын, глюкозаны сиңирүү начарлап, боор иши төмөндөйт. Тиш­тер саргарып, түшөт. Аялда этек кир токтойт, эркекте сперматозоиддерди чыгаруу начарлайт. Муунда кыймыл азайып, остеопороз, остеохон­дроз пайда болот. К-ну ар түрдүү өнөкөт оору­лар тездетет. Ошондуктан оорулардын алдын алуу эрте К-ну кечеңдетет. К-нун өөрчүшүндө тукум куугучтук чоң мааниге ээ. Жашы өткөн адамдарга гимнастика, туура тамактануу маа­нилүү, себеби анда энергия азыраак жумшалып,


зат алмашуу басаңдайт. Ошондуктан фермент­тик системаларга күч келтирбей, тамакты аз ичүү керек.