КАРСТ СУУЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРСТ СУУЛАРЫ – карст боштуктарындагы, үңкүрлөрүндөгү суулар. Карбонаттуу, гипстүү ай­мактарда кездешет. Бир нече гидродинамикалык аймактарга бөлүнөт. Аэрация аймагы жыл мез­гилине жараша деңгээлин өзгөртүп турат. То­лук нымдуу аймактар гидрокарбонаттуу, каль­ций сульфаттуу келип, суу өткөрүүчү тектерге байланыштуу болот. К. с-нын жер бетине агып чыгышынан карст булактары пайда болот.