КАРРАЧЧИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРРА́ЧЧИ (Carracci) – итал. сүрөтчүлөрдүн үй­бүлөсү. Академизм өкүлдөрү. Лодовико К. (19. 4. 1555, Болонья – 13 же 14. 11. 1619, ошол эле жер) ж-а анын ата өтүшкөн туугандары Агос­тино К. (15. 8. 1557, Болонья – 22. 3. –1602, Парма) ж-а Аннибале К. (3. 11. 1560, Болонья – 15. 07. – 1609, Рим) м-н бирге Коррежо– Мике­ланжело ж-а Тинторетто ж. б-дын ыкмаларын колдонуу м-н өз стилин жаратышкан. Болонья ш-нда акад. иск-вонун принциптерин иштеп чы­гууда маанилүү роль ойногон «Туура жолго түшкөндөрдүн академиясын» түзүшкөн (1585-ж. чен). Алтардык сүрөттөрдүн монументтик ком­позициясы б-ча жарашыктуу ж-а колорити б-ча шаңдуу жаңы түрүн жаратышкан («Мадонна

Аннибале Каррачи (Агостино Каррачи м-н бирге). «Ариадна менен Вакханын триумфу». Римдеги Па­лаццо Фарнезенин галереясындагы параддык пла­фондон фрагмент.

Баржеллини»– 1588; «Марияны даңазалоо»– 1592). Бир тууган К-лердин чыг-лыгы 17-к-дагы Европа иск-восунда 2 негизги багыттын – ба­рокконун ж-а классицизмдин калыптанышы­на таасирин тийгизген.