КАРОЛИНГДЕР
КАРОЛИНГДЕР – Франк мамлекетиндеги королдор м-н императорлор династиясы. Карл Iнин ысмынан аталган. 751-ж. Меровингдерди алмаштырып, 10-к-га чейин бийлик кылган. К. династиясы аны негиздеген Пипин Ланденскийдин (7-к.) тушунда күчтөнө баштап, небереси Геристальский, чөбөрөсү Карл Мартелл ж-а анын уулу Кодоо Пипиндин (К-дин 1-королу) бийлиги учурунда ого бетер чыңдалып, айрыкча Карл I Улуунун (768–814-ж. башкарган, 800-жылдан император) тушунда өтө күчөгөн. 814-ж. бийлик анын уулу Людовик Благочестивыйга өтүп, Верден келишими (843) б-ча империяны Карл Iнин Улуунун неберелери бөлүп алган. Империя биротоло кулагандан кийин К. Италияда 905-жылга, Германияда 911-жылга, Францияда 987-ж. чейин бийлик кылган.