КАРОЛИНА АРАЛДАРЫ
КАРОЛИ́НА АРАЛДАРЫ – Тынч океандын батыш бөлүгүндөгү архипелаг, Микронезияда. К. а-нда Микронезия Федерация штаттары (Борб. ж-а Чыгыш К. а.: Косрае, Понпеи, Трук, Яп) ж-а Палау Респ. жайгашкан. 1–10° түн. кеңдиктин ж-а 131–163° чыгыш узундуктарынын аралыгында жайгашкан 936 аралдан (же аралдар тобунан) турат. Жалпы аянты 1320 км2. Калкы 100 миңден ашуун (2000). Жанартоодон пайда болгон ири аралдары (бийикт. 791 мге чейин): Бабелтуап, Понапе, Кусаие, Яп, Трук.- Фосфат кендери бар. Климаты экватордук ж-а субэкватордук. Дайыма жашыл тропик токою, саванна өсөт. Тропиктик дыйканчылык өнүккөн. Балык кармалат. К. а-нда европалыктардан алгачкы жолу 1528-ж. испан деңиз саякатчысы А. де Сааведра болгон. Испан королу Карл IIнин урматына аталган.