КАРМЕН
КАРМЕ́Н Роман Лазаревич [16 (29). 11. 1906, Одесса – 28. 4. 1978, Москва] – сов. кинорежиссёр, сценарист, журналист, документ кинонун оператору, СССР эл арт. (1966), Соц. Эмг. Баатыры (1976), Азербайжан ССРинин иск-восуна эмг. сиң. ишмер (1959). Москва мамл. кинематография ин-тутунун оператор бөлүмүн бүткөн (1932). 1920-ж. «Вечерняя Москва» гезитинде, «30 дней», «Огонёк» журналдарында фотокорреспондент ж-а (документ) кинодо иштеген. 1932–35-ж. «Союзкиножурналды» чыгарууда ыкчам репортаждарды, портреттик очерктерди даярдаган ж-а монтаждаган («Үйдө», «Анна Масонованын отчёту», «Негр Робинсон – Моссоветтин депутаты» ж. б.). 1936-ж. Испанияга (интернационалдык бригадалардын катарында салгылашып, кино да тарткан), кийин Кытайга барган. Тарткан материалдарынын негизинде Испаниядагы окуялар тууралуу (20 чыгарылыш, 1936–37), «Кытай күрөштө» (3 чыгарылыш, 1938) киножурналдары, о. эле «Испания» (реж. Э. И. Шуб), «Кытайдын өзгөчө району» (реж. М. Я. Слуцкий), экөө тең – 1939, «Кытайда» (1941, реж., оператор ж-а тексттин автору К.) ж. б. фильмдер жаралган. Слуцкий м-н бирге көлөмдүү, татаал тех. документ фильмдерди («Седовчулар», 1939; «Жаңы дүйнөнүн бир күнү», 1940) тартууга ж-а монтаждоого жетекчилик кылган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде фронттук кинооператор катары «Москванын жанында немец армиясын талкалоо» (1942), «Берлин» (1945) ж. б. фильмдер үчүн материал жыйнаган. 1946-ж. Нюрнберг процесси ж-дө «Элдин өкүмү» фильмин тарткан. «Каспий нефтичилери жөнүндө повесть» (1953), «Деңиздибагындыруучулар»(1959)фильмдери Лениндик сыйлыкка арзыган (1960). «Вьетнам» (1955), «Индия таңы» (1956), «Алоолонгон арал» (1961), «Улуу Ата Мекендик» (2 сериялуу, 1965), «Гренада, Гренада, Гренадам менин» (К. Симонов м-н бирге, 1968), «Жолдош Берлин» (1969), «Алоолонгон континент» (1972), «Чили: күрөштүн жана тынчсыздануунун убагы» (1973), «Камарадос» (1974), «Корваландын жүрөгү» (1974) ж. б. фильмдери бар. О. эле биринчи сов.-амер. «Улуу Ата Мекендик» документ долбоорду жетектеген (1979, 20 фильм; К. – «22-июнь 1941» ж-а «Белгисиз солдат» фильмдеринин режиссё- ру). Документ кино ж-дөгү көптөгөн публицистикалык ж-а тарыхый-теор. макалалардын автору. 1970-жылдан ВГИКте проф., СССР мамл. сыйл. лауреаты (1942, 1947, 1952, 1975). Эки Ленин ордени м-н сыйланган.
Ад.: Р. Кармен в воспоминаниях современников.
М., 1983.