КАРЛ МАРКС (Тогуз-Торо районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЛ МАРКС – Жалал-Абад обл-нун Тогуз-Торо р-нундагы кыштак. Атай атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1580 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Казарман кыш-нан 27 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекети­нен 437 км. Калкы 1000 (2008); негизинен мал м-н алектенип, аары чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар.