КАРКЫРАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРКЫРАЛАР (Gruidae), т у р н а л а р – кар­кыра сымалдар түркүмүнүн турналар тукуму.

Уз. 79–152 см. Моюну, шыйрагы узун, жүнсүз, куй­ругу кыска, эркек, ургаачысы бирдей түстө. Манжалары кыска, жаргакча м-н бириккен, арткы бармагы башкаларынан жогору жайгаш­кан. Учканда мойну м-н буттарын созуп, кунас­тарга окшоп учат, алардан айырмаланып, да­ракка конбойт. Канаты түлөгөн мезгилде уча албайт. 5 уруусу, 14 түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 7 түрү ири дарыялардын таштак талааларында жолугат. Шыбак, бетеге, көдөө басымдуулук кылган жерди мекендейт. Жайында шалбаа, чабынды, күздүк буудай эгилген жерде жолу­гат. Кырг-нда май айында уялап, чанда 3, кө­бүнчө 2 жумуртка тууйт. Көбүнчө өсүмдүктүн жаш бутагы, жалбырагы, уругу ж-а курт-ку­мурскалар м-н азыктанат. Саны азайгандыктан, 1975-ж. коргоого алынып, Кырг-ндын Кызыл китебине катталган.