КАРИКАТУРА
КАРИКАТУ́РА (итал. caricatura– caricare – апыртуу дегенден) – адамдардын же турмуштук көрүнүштөрдүн терс жактарын ашкерелөө максатында шарж м-н гротескти пайдалануу; көркөм типтештирүү ыкмасы. К. – кең мааниде адам сымбатын– өңүн– кийимин апыртып– түрдүү нерселерге окшоштуруу м-н күлкү келтирүү үчүн атайын тартылган сүрөт. К. – тар мааниде сүрөт өнөрүнүн (айрыкча графиканын) бөтөнчө жанры; сын багыты айкын болгон сүрөт сатирасынын негизги формасы. К. ыкмалары исквонун түрдүү жанрларында (мис.– плакатта–

гезит же журнал графикасында) пайдаланылат. Жанрдын жаралышы Германиядагы Дыйкандар согушу (1524–26) м-н байланыштуу. 18-к-да англис У. Хогарт К-нын ырааттуу өнүгүшүнө негиз түзгөн. Кырг-нда А. Турумбеков, М. Памилов, У. Осмоев сыяктуу карикатуристтер бар.