КАРИБ КРИЗИСИ
КАРИ́Б КРИЗИСИ (1962) – эл аралык кризис, СССР м-н АКШ ортосундагы мамиленин өтө курчушунан улам ядролук согуш коркунучунун келип чыгышы. Куба рев-ясынын жеңиши (1959) өкмөттүн АКШга көз каранды болбогон саясаты, о. эле Куба СССР м-н тыгыз мамиле түзүшү АКШ м-н Кубанын ортосундагы мамилени курчуткан. АКШ 1959-жылдын башынан эле Кубага саясий ж-а экон. кысым жасап, диверсанттарды жиберип, Кубанын шаарларын бомбалап, Түркия м-н Италияга ракеталарын жайгаштырган. 1961-ж. апрелде амер. аскерлер Плая-Хиронго кол салып, Кубанын куралдуу күчтөрүнөн талкаланган. Бирок АКШнын башкаруучулары Кубага кастыгын токтотпогон соң, Куба өкмөтү СССРден жардам сураган. 1962-ж. 24-майда КПСС БКнын Президиумунун чечими м-н СССР Куба рев-ясын коргоо үчүн АКШга жооп катары Куба аймагына ракеталарын жайгаштыра баштаган. Эки мамлекеттин тирешүүсү согуш коркунучун туудуруп, К. к-не алып келген. К. к-н саясий ж-а дипл. жолдор м-н жөнгө салууну БУУнун Коопсуздук к-тинин мүчөлөрү сунуштаган. 1962-ж. октябрь–ноябрь айларында Куба өкүлдөрү ж-а БУУнун Генералдык секретары катышкан АКШ ж-а СССРдин ортосунда сүйлөшүүлөрдө кризисти жөнгө салуу маселеси каралып, АКШ өкмөтү Кубага каршы экон. кысымдарды токтотуп, кол салбоого убада берген. Натыйжада, СССР Кубадан, АКШ Түркиядан өз ракеталарын ж-а аскер техникаларын чыгарган. 1963-ж. 7-январда эки тараптык сүйлөшүүлөрдөн кийин СССРдин тышкы иштер министринин 1-орун басары – В. В. Кузнецов ж-а АКШ- нын өкүлү Э. Стивенсон К. к. толугу м-н жөнгө салынгандыгы ж-дө БУУнун секретары У. Танга билдиришкен.