КАРЕЛИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЕ́ЛИЯ , К а р е л Р е с п у б л и к а с ы Россиянын Европа жак бөлүгүнүн түн.-баты­шында жайгашкан. Түн.-чыгышын Ак деңиз, түштүгүн Ладога ж-а Онега көлдөрү чулгайт. Батышынан Финляндия м-н чектешет. Аянты 180,5 миң км2. Калкы 693,2 миң (2008). Адм.- айм. жактан 15 адм. районго, 13 шаарга, 11 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Петрозаводск ш. Түн.-Батыш федерация округуна кирет. Мамл. башкаруу бийлигинин органдар система­сы 1978-ж. кабыл алынган конституция тара­бынан аныкталат.
К-нын аймагынын басымдуу бөлүгү Феннос­кандиянын чыгышында, Балтика калканынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Табияты көп же­ринде калктын жашоосу үчүн орточо, түштүгүндө жагымдуу. Экол. абалы калк аз отурукташкан түн.-чыгыш бөлүгүндө салыштырмалуу канаат­тандырарлык, ө. ж-луу борборунда курч

Валаам архипелагы.

мүнөздө. Жери дөңсөө-мореналуу келип, байыр­кы муз каптоонун издери даана байкалат. Бал­тика ж-а Ак деңиздердин таасиринен абасы нымдуу келип, саздар көп кездешет. Батышын ж-а түн.-батышын Маанселькя кырка тоосу (бийикт. 578 мге чейин) ээлейт. Дарыялары (27 миңден ашык; ирилери: Кемь, Выг ж. б.) Балтика ж-а Ак деңиздердин алаптарына ки­рет. Респ-да 60 миңден ашык көл (аймагынын 18%и) бар. Ирилери: Ладога, Онега. Климаты деңизден континенттикке өтмө. Кышы узак, би­рок салыштырмалуу жумшак. Январдын орт. темп-расы –9– –14°С, жайы кыска ж-а салкын, темп-расы тез төмөндөп, нөшөрлөгөн жамгыр­лар жаайт. Июлдуку 14–16°С. Жылдык жаан­чачыны 450 ммден 700 ммге чейин. Ийне жал­бырактуу ж-а аралаш токой аймагынын 1/2 бөлүгүндө, көптөгөн дарыя, көлдөрү ж-а суу сак­тагычтары респ-нын аймагынын 23 %ин ээлейт. Кандалакша, Кивач ж-а Костомукша корукта­ры уюштурулган. Кен байлыктарынан темир, титан, ванадий, молибден, слюда, алмаз, куру­луш материалдары казылып алынат. О. эле шунгит кенинин запасы табылган.
Калкынын негизин орустар (71,3%) түзөт, о. эле карелдер (11%), беларустар, финндер ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 4,4 киши. Динге ишенгендердин көпчүлүгү православныйлар, протестанттар да бар. Шаар калкы 75%. Ири шаарлары: Кондопога, Сеге­жа, Костомукша.
К-нын аймагы 9–12-к-дын башында Киев Ру­суна, 12-к-дан Новгород респ-на карап, 1478-ж. Орус мамлекетине кошулган. 1721-ж. аймагы­нын бир бөлүгүн (Карел мойногу, Түн. Ладога бою) шведдер басып алган. Кийинчерээк Россия­га кайтарылган. 1920-ж. РСФСРдин курамын­да Карел эмгек коммунасы, 1923-ж. июлда Ка­рел АССРи (1940-жылдын 31-мартынан 1956- жылдын 16-июлуна чейин СССРдин курамында Карел-Финн ССРи). 1991-жылдын ноябрынан Карел Республикасы.
К. Россияда өнүккөн токой ө. ж. комплекси (кагаздын 20%; кагаз каптардын 60%, 1-орун-


да; иштетилүүчү жыгачтын 6% ж-а целлюлоза­нын 7,3%, 5-орунда; тактай материалдардын 3,9%, 7-орунда; картондун 2,6%, 9-орунда), те­мир кенин казып алуу (10%) ж-а трактор өндүрүшү м-н (30%ке жакын, токой даярдоочу) айырмаланат. Аймактын дүң продукциясынын көлөмү 34041,4 млн рубль. Андагы ө. ж-дын үлү­шү 41,4%, а. ч-ныкы 2,6%. Ө. ж-дын башкы тармактары: токой (ө. ж. түзүмүндөгү үлүшү 45,2%), кара металлургия (12,8%), тамак-аш (12,3%), электр энергетика (14,1%), машина ку­руу (5,4%), түстүү металлургия (5%; алюминий өндүрүшү). А. ч-га жарактуу жери 124,3 миң га (жер фондусунун 1%тен азы), анын 50%и ай­доо. Тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, жашылча айдалат. Сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Үй куштары багылат. Териси баалуу айбанаттар асыралат. Балык кармалат. Авто­мобиль жолунун уз. 7873,8 км (анын 6673,8 кми асфальтталган), суу жолунуку 3500 км. Онега, Ладога көлдөрүндө, Беломор-Балтика каналын­да ж-а Ак деңизде кеме жүрөт. Ири порттору: Петрозаводск, Медвежьегорск, Кондопога, Сеге­жа, Беломорск. К-да Марс суусу (алгачкы орус курорту; 1719-жылдан) ж-а Сортавала курорт­тору бар. Жалпы билим берүүчү 290, кесиптик башталгыч (20) ж-а орто (17) билим берүүчү окуу жайлары, 14 мамл. ЖОЖ (филиалдары м-н), ил. борбор иштейт. Беш театр (а. и. муз., куурчак), филармония, 20дай музей (а. и. мамл. көркөм иск-во, край таануу ж. б.), 4 китепкана бар. «Кижи» мамл. тарыхый-арх-ралык ж-а эт­ногр. музей-коругу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.


Ад.: Карелия//Большая Российская Энциклопедия, спец. том. Россия. М., 2004; Карелия//Большая Российская энциклопедия, Т. 12. М., 2009.

Т. М. Чодураев.