КАРДИОЛОГИЯ
КАРДИОЛО́ГИЯ (гр. kardia – жүрөк ж-а ...логия) – медицинанын жүрөк-кан тамыр системасынын түзүлүшүн, функциясын, ооруларынын
пай да бол уу себебин диагноздоо, оору нун
өтүшүн, дарылоо ж-а алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу бөлүмү. К. ж-дөгү маалыматтар
байыркы ад-ттардан белгилүү. 17–19-к-да коронар кан айлануусу ачылып, жүрөк кемтигинин кээ бир түрү, стенокардия ж. б. оорулар белгилүү болгон. Фр. врач Р. Лаэннек стетоскоптун жардамы м-н жүрөктүн согуу добушун угуу ыкмасын киргизип, көпчүлүк жүрөк ооруларына диагноз коюуну жеңилдеткен (1819). 19–20-
к-да физиологиянын өнүгүшү, айрыкча И. М. Сеченов, И. П. Павлов ж. б-дын эмгектери К-нын андан ары өнүгүшүнө көмөк болгон. Голл. илимпоз В. Эйнтковен электрокардиография (1903), орус врачы Н. С. Коротков артерия кан басымын аныктоодо добушту угуу методун сунуш кылган. Азыркы К. эң татаал диагностикалык ж-а дарылоочу аппараттар м-н жабдылган. Жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоодо рентгеноскопия, рентгенография, ангиокардиография, электркимография ж. б. методдор колдонулат. Техниканын жетишкендиктери ж-а диагностиканын азыркы методдору жүрөккө операция жасоого мүмкүнчүлүк түздү. 1967-жылы амер. врач К. Барнард медицинанын тарыхында 1-жолу жүрөктү көчүрүү операциясын жасаган. Россияда жүрөк-кан тамырга А. Н. Бакулев, Б. В. Петровский, А. А. Вишневский ж. б. операция жасашкан. Кырг-нда биринчи жолу 1958-ж. И. К. Ахунбаев жүрөккө операция жасаган. 1977-ж. Фрунзеде (азыркы Бишкек) К. ИИИ ачылган (азыр Улуттук кардиология жана терапия борбору).