КАРДИНАЛЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРДИНА́ЛЕ Клаудия (өз аты-жөнү Клод Жозе­фин Розе) (15. 4. 1939-ж. т., Тунис) – итал. кино­актриса. Тунисте 18 жашында улуттук сулуулар конкурсунда жеңишке жетишип, 1957-ж. үй-бү­лөсү м-н Италияга келген. 1957–58-ж. Римдеги эксперименттик киноборбордо окуган. Кинодо 1957-жылдан («Алтын чынжырлар», Франция). Реж. М. Болоньинин «Сулуу эркек», (Франция, 1960) ж-а «Ла Виачча» фильми актрисага чоң ийгилик алып келген. Анын чыг-лыгында Л. Висконтинин «Рококо ж-а анын бир тууган­дары» (1960), «Кабылан» (1962), «Чоң Жети­гендин тумандуу жылдыздары» (1965), «Ин­терьердеги үй-бүлөлүк портрет» (1974) ж-а реж. Ф. Феллининин «Сегиз жарым» (1963) фильмде­риндеги ролдору көрүнүктүү орунду ээлеген. 1969-ж. сов.-итал. «Кызыл чатыр» (реж. М. К. Ка­латозов) фильмине тартылган. П. Скуитьери­нин «Темир префект» (1977), «Корлеоне» ж-а «Ку-

К. Кардинале жана А. Делон «Кабылан» фильминде.

рал» (1979), «Кларетта» фильмдеринде жөнөкөй итал. аялдын образын чебер ачып берген. 1990– 2000-жылдары Парижде жашап, киного («Алар­дын аты-жөнү... каракчылар», «Анда эмесе... мырзалар жана айымдар ж. б.», «Жарым күндүк жин») ж-а телесериалдарга тартылууда («Ност­ромо», «Оттуу чөл» ж. б.).