КАЗАН-КУЙГАН
КАЗАН-КУЙГАН – Нарын районундагы кыштак. Казан-Куйган айыл округуна караштуу. Кара- Кужур суусунун боюнда, тоо этегинде, деңиз деңгээлинен 2255 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 38 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 142 км. Кыштак 1915-жылы негизделген. Калкы 1152 (2022); негизинен мал чарбасы м-н алектенип, тоют белендөөдө эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, оорукана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, 2 тегирмен, мончо, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.