КАЗАН КАЗАТТАРЫ
КАЗАН КАЗАТТАРЫ (1545–52) – Россияга агрессиячыл саясат жүргүзгөн Казан хандыгына каршы орус аскерлеринин согуштук аракеттери. Казан хандыгы (1438–1552) Россиянын Волга аркылуу өтүүчү соода жолун жаап, анын аймагына дайым чабуул коюп турган. 16-кылымдын орто ченинде Казандагы орус туткундарынын саны 100 миңге жеткен. Казанды Россияга бириктирүү үчүн болгон күрөш 15-кылымдын аягында башталып, 16-кылымдын 40-жылдарында өзгөчө күчөгөн. Татар феодалдарынын бир бөлүгү («Москва партиясы») бул күрөштү жактаган. 1545- жылдагы жортуул согуштук демонстрациялык мүнөздө болгон. Натыйжада «Москва партиясынын» позициясы күчөп, 1545-жылдын аягында хан Сафа-Гирей Казандан куулган. 1546-жылы тактыга Шах-Али отурган. Бирок крымдыктардын колдоосу м-н Сафа-Гирей Казанга кайра келген. Орустардын 1547–48- ж-а 1549–50-жылдардагы жортуулдары ийгиликсиз аяктаган. Иван IVнүн өкмөтү жаңы жортуулга камынган. Буга Ногой ордосу көмөктөшкөн. 1551-жылы Шах-Али кайрадан тактыга отуруп, бирок ал башкара албагандыктан, 1552-жылы Казандан кетип, ордуна астрахандык ханзада Ядигар келген. 1552-жылы 16- июнда Иван IV баштаган орус аскерлери Москвадан чыгып, Тулада Крым ханы Давлет-Гирейдин аскерлерин талкалаган. 2-октябрда Казан багындырылган. Казан казаттарынын натыйжасында Казан хандыгы жоюлуп, Орто Волга бою Россияга кошулуп, Кавказ ж-а Чыгыш өлкөлөрү м-н соода байланыш кеңейген.
Ад.: Казанская история. М.–Л., 1954.