КАЗАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:48, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАЛ (ар. газал) – чыгыш элдеринин лири­калык поэзиясына мүнөздүү ыр түзүлүшү. Ашык­тык ырларынын өзүнчө формасы катары 5–6- кылымдарда араб жазма поэзиясында пайда болгон. 9– 10-кылымдардан тартып фарс, тажик өзбек, уйгур, азер­байжан, түркмөн ж. б. түрк тилдериндеги клас­сикалык адабиятта кеңири тараган. Казал – баштан аяк бир өңчөй үндөштүктө (монорифмада) жа­ралчу ыр. Казал жанрынын мотивин алгач сүйүү, айрылуу ж-а арман ырлары түзсө, кийин коом­дук, социалдык, саясий, философиялык, этикалык, ди­дактикалык, сатирикалык ж. б. маселелерди да камтыган. Салт боюнча, казал эки бейттен он эки бейт­ке созулат (бул көлөмдөн ашканда казал касыйда жанрына ооп кетет). Адамдын ички дүйнөсүн сүрөттөөнүн чеберлери Рудаки, Саади, Хафиз, Жами, Низами, Физули ж. б. атактуу акындар казал жанрын өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген.
Чыгыш поэзиясынын таасири (котормо аркы­луу) м-н казал формасына батыш европалык (И. Гёте, Ф. Боденштедт) ж-а орус (В. Брюсов, В. Ива­нов, И. Северянин) акындары да кайрылышкан. Казал азыр да айрым элдердин (мисалы, өзбек, уйгур, азербайжан) поэзиясында учурайт. Кыргыз по­эзиясында казал Улуу Октябрь революциясына чейинки жазгыч акындардын ырларын жалпысынан казал дешкен. Советтик доордогу кыргыз акындарынын ичинен казалды К. Бобулов жазган.