ДАРООТ-КОРГОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:22, 4 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАРООТ-КОРГОНКокон хандыгынын доору­на таандык чеп. 1821-жылы Чоӊ-Aлай өрөөнүндө Дароот-Коргон кыштагынын жанында курулган. «Дара» (дөре, дора, дере) түрк тилинде «татаал өткөөл» (ашуу) маанисиде колдонулуп, кийинчерээк ал фарси, лезгин, болгар ж.б. тилдерине өткөн. Азыр Орто Азиядан тышкары Кавказ, ошондой эле Иран жана Түркиянын топонимдеринде жолугат. Чоӊ-Aлай өрөөнүндөгү Дароот-Коргон чеби

тоолуу Алай аймагында хандык бийликтин ас­кердик-акимдик таяныч түйүнү болгон. Чарчы формада. Дубалынын бийиктиги 4 м. Түндүк тарабын­да гана жалгыз дарбазасы болгон. Чеп 1984-жылы тарыхчы Б. А. Дүйшеев тарабынан изилденген.