КАРАЧЕВ
КАРАЧЕВ Сыдык (1899, азыркы Ысык-Көл облусу, Түп району, Жылуу-Булак айылы – 1937, Фрунзе) – жазуучу, журналист, кыргыз жазма адабиятын баштоочулардын бири, котормочу. Баштапкы

билимди Кара-Кол (Пржевальск) шаарындагы татар мектебинен алган. 1921–23-жылы Ташкенттеги аскер окуу жайында окуган. 1923-жылы Кара-Колдогу «Союз кошчу» уюмунда, 1924-жылы «Эркин- Тоо» гезитинде жооптуу секретарь, узак жылдар «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакциясында, Кыргызмамбаста адабий кызматкер, редактор болуп иштеген. Карачев адабий чыгармачылыгын татар тилинде ыр, аңгеме жазуудан баштаган. Алгачкы ыры 1918-жылы Казанда чыгуучу
«Шуро» гезитине жарыяланган. Карачев – кыргыз прозасына негиз салгандардын бири. Анын «Сүйгөнүнө кошула албады», «Үйлөнүүдөн качты» деген повесттери, «Армандуу эки жаш», «Ысык-Көл боюнда», «Алданган нур кызы», «Күкүк менен Зейнеп» аттуу аңгемелери 1919-жылы «Көмөк» гезитине казакча басылып чыккан. 1930- жылдары жазылган «Эрксиз күндөрдө», «Эрик таңында» повесттеринде (экөө тең 1928-жыл) жана «Теңдик жолунда» пьесасында коллективдүү чарба курулушу үчүн күрөш сүрөттөлөт. Ал кыргыздын туңгуч котормочуларынын бири катары А. С. Пушкиндин «Дубровский», «Бекетчи» деген повесттерин, Л. Н. Толстойдун «Шалпаң кулак», А. П. Чеховдун «Талаа», Ромен Ролландын «Жан Кристофунан» үзүндү, Бретт-Граттын «Самасу кызы», Н. А. Островскийдин «Болот кантип курчуду» романын жана коомдук-саясий чыгармаларды кыргыз тилине которгон. Карачев бейкүнөө репрессияланып, кийин акталган.
Ад.: Жигитов С. 20-жылдардагы кыргыз адабияты.
Ф., 1984; Обретение новых традиций. Ф., 1984; Эркебаев А. Малоизученные страницы истории киргизской литературы. Б., 1999.
И. Жумабаев.