КАДУНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:47, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДУ́НА – Нигериянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Кадуна штатынын административдик борбору. Кадуна дарыясынын (Нигердин куймасы) боюнда жайгашкан. Кал­кы 1,2 млн. (2024). Маанилүү жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Англичандар тарабынан 1913-жылы негизделген. Текстиль, кагаз, тамак-аш, нефть ажыратуу, машина куруу, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (ка­рападан буюм жасоо) өнүккөн. Нигерия ИИИ (1951), улуттук көз борбору (1979), Нигерия кор­гоо академиясы (1964), университет, политехникалык институт, ки­тепкана, музейлер (анын ичинде тарых ж-а этнография) бар. Парк зоопаркы м-н уюштурулган.