КАДАСТР
КАДА́СТР (фр. сadastre – системалаштыруу) – тийиштүү объектилер ж-а кубулуштар боюнча мезгил-мезгили м-н же болбосо үзгүлтүксүз байкоонун негизинде ырааттуу чогултулган маалымат жыйнагы. Табият-ресурстук блокко тийиштүү кадастрларда объектинин орду, физикалык-географиялык мүнөздөмөсү, классификациясы, изилдөө деңгээли, байкоонун узактыгы, динамикасы ж. б. боюнча маалыматтар камтылат. Мындай кадастрдын негизги элементи катары карталар пайдаланылат. Бүгүнкү күндө кадастрлардын көбүнүн маалымат базасы компьютердик каражаттарда түзүлөт. Табият ресурстук бөлүккө суу, климат, ландшафт, токой, геология, медицина, география, минералдык ресурстар, өзгөчө коргоого алынган аймактар, рекреация, топурак, зыяндуу таштандыларды бөлүп чыгарган жерде жайгашкан булактар ж. б. кадастрлар кирет.