ГЕОГРАФИЯЛЫК АТЛАС
ГЕОГРАФИЯЛЫК А́ТЛАС – жалпы программа боюнча бир бүтүн чыгарма катары аткарылган географиялык карталардын системалуу жыйындысы. Байыркы грек окумуштуусу Клавдий Птолемейдин (2-кылым) географиялык карталар жыйнагы кийинки географиялык атластардын түзүлүшүнө негиз болгон. «Атлас» деген атты (легенда боюнча асман глобусун биринчи болуп жасаган Ливиянын мифтик королу Атластын ысмынан) 1-жолу 1592-жылы картограф Меркатор колдонгон. 16-кылымдын аягында атайын даярдалган алгачкы атластар басылып чыга баштайт. Алардын ичинен Л. Вагенардын деӊиз навигация карталарынын 2 томдук жыйнагы (1584–85) белгилүү. 17-кылымда атластар көбүнчө Голландияда даярдала баштайт. 1701-жылы С. Ремезов 1-орус географиялык атласы – «Сибирдин чийме китебин» түзөт. 18-кылымда атлас түзүү Париж, Петербург, Берлин илимдер академияларында көрүнүктүү орунду ээлеген. 19-кылымда тематикалык атластар пайда боло баштайт. Географиялык атластын төмөнкүдөй түрлөрү бар: камтыган аймагына карата – дүйнө жүзүнүн, айрым өлкөлөрдүн жана облустардын атластары; мазмуну боюнча – жалпы географиялык карталардын атласы, тематикалык карталардын тармактык атластары (мисалы, климаттык, геологиялык, дүйнөлүк океандын); көптөгөн өз ара байланышкан кубулуштардын (мисалы, дүйнөлүк океандын климаты менен океанографиясынын) же көрсөтүлгөн аймакка толук мүнөздөмө берүүчү комплекстүү атластар; арналган максатына карай – илимий-маалымат наама, край таануу, окуу, туристтик, жол катнашы ж. б. атластар. Дүйнөлүк атластардын ичинен советтик атластар айрыкча баалуу: Дүйнө жүзүнүн атласы (1954, 1967, 1999); Дүйнө жүзүнүн физикалык- географиялык атласы (1964); Деӊиз атласы (4 томдук, 1950–63); Дүйнө элдеринин атласы (1964); Антарктика атласы (1966–69) ж. б. Башка өлкөлөрдө түзүлгөн атластардан Дүйнө жүзүнүн оксфорд экономикалык атласы (1965) көрүнүктүү орунда. Көп өлкөлөр өз калкын, экономикасын, маданиятын, табиятын чагылдырган жана тармактык атластар түзгөн. Өзгөчө мааниге СССРдин климаттык атласы (1960–63), эл аралык дүйнө атласы (2003) менен мамлекеттердин, крайлардын, облустардын атластары илимий практикалык жана жалпы маалымат алууга өтө пайдалуу түзүлгөн. Кыргызстандын алгачкы атласы 1987-жылы жарык көргөн.
Ад.: Салищев К. А. Географические атласы //Итоги науки. Картография. В 1–3; М., 1966; Цветников М. А. Лесные карты и методика их составления. М.; Л., 1950; Эдельштейн А. В. Как создаётся карта. М., 1978; Атлас Киргизской ССР. Т. 1. М., 1987; Атлас Мира. М., 2003.