ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:06, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛ – жер бетиндеги кандайдыр бир пункттун же ареалдын андан тышкары жаткан объект же аймакка карата жайгашуу абалы. Математикада географиялык абал – ошол пункттун же жердин узундугу жана кеӊдиги; физикалык географияда – алардын физикалык-географиялык объектиге (тоо, дарыя, көл, деӊиз, океан ж. б.) карата абалы. Экономикалык жана саясий географияда географиялык абал – өлкөнүн, райондун, кыштактардын ж. б. объектилердин башка экономикалык-географиялык объектилерге (жол катнашы, рынок, чарба борборлору ж. б.) жана физикалык-географияда объектилерге карата абалын билдирет. Географиялык абал – өлкөнүн, райондун, шаардын өнүгүшүнүн зарыл шарттарынын бири. Географиялык абалдын практикалык мааниси түрдүү коомдук-экономикалык формацияда өзгөрүп турат.