КАГАН
КАГАН , к а х а н (хандардын ханы, башкы хан деген маанини билдирет) – байыркы Түрк мамлекет башчыларынын титулу. Кээде мамлекет да кагандык деп аталган ж-а 6-кылымда кыргыз, түрк, уйгур кагандыгын башкарган адамдар же башкы аскер жетекчиси да каган наамын алган. Алар согуш ачуу, тынчтык келишимин түзүү, чет элдик элчилерди кабыл алуу, бектерди (жабгу, шад, элтебер, тархан ж. б.), уруу башчыларын дайындоо, алык-салыктын өлчөмүн белгилөө сыяктуу иштерди чечкен. Каган алгачкы жолу жужандардын аскер башчысынын наамы катары б. з. 312-жылы кытай хроникаларында эскерилип, кийин авар, хазар, хунн, булгарларда да белгилүү болгон. 8-кылымдын аягы – 9- кылымдын башынан 13-кылымга чейин Киев княздары да каган титулун пайдаланышып, саясий жактан өздөрүн Хазар кагандарына тең экендигин көрсөтүүгө аракеттенишкен. Моңгол мамлекетин негиздеген Темучин (Чыңгыз хан) дагы ушул наамды кабыл алган. «каган» термини мусулман даректеринде «хан», «хакан», моңголдордо «каан» түрүндө кездешет. Изилдөөчүлөр бул термин кытай тилинен кирип, «улуу башкаруучу» дегенди билдирерин белгилешет. Бул титул жазуу эстеликтеринде антропонимдердин компоненттери катары (Бумын каган, Ай каган, Боз каган, Билге каган, Барсбек каган ж. б.) колдонулган.