КАБЫЛАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 1 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБЫЛАН, л е о п а р д (Felis pardus) – мы­шыктар тукумундагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 160 см­ге, куйругу 102 смге, эркегинин салмагы 75 кгга жетет, ургаачысы кичирээк. Денеси булчуңдуу, буттары кыска, жүнү жыш, сары же сары кы­зыл

түстө, кара тактары бар. Африкада, Кав­казда, Түштүк Азияда, Түркмөнстандын тоолорун­да, Тажикстандын түштүгүндө, Уссури крайын­да жолугат. Чытырман токойлордо ж-а түз­дүктө, суу жээктеринде, калың өсүмдүктөрдүн арасында жашайт. Бугу, тоо эчки ж. б. туяк­туулар м-н азыктанат. Айрым учурда үй жаны­барларына (кой, жылкы, ит), ошондой эле куштарга да кол салат. ТКЭСтин Кызыл китебине кат­талган.