КАБЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 1 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБЫК – Ош облусунун Чоң Алай районундагы кыштак. Кашка-Суу айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 2680 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Дароот-Коргон кыштагынан 44 км түндүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 310 км. Калкы 1134 (2022); негизинен мал багат. Орто мектеп, клуб, мечит бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.