КАБОТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:06, 1 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́БОТ Жон ж-а Себастьян (Cabot, John and Sebastian) – генуялык деңиз сүзүүчүлөр ж-а изил­дөөчүлөр; атасы м-н баласы. Венецияда, Анг­лияда ж-а Испанияда картограф болуп кызмат өтөшкөн. 1495-жыл ченде Жон Кабот (Жовани Кабото) (1450–55, Генуя – 1499) чыгаан соода­гер катары Лондонго отурукташкан. 1497-жылы ки­чинекей «Мэтью» кемеси м-н батышты көздөй сүзүп, Кытайды издөөгө чыккан. Ошол эле жыл­дын 24-июнунда Түндүк Американын түндүк жээги­не жеткен. Аны Түндүк-Чыгыш Азия деп эсептеп, Венеция м-н Англиянын ээлиги деп жарыяла­ган. 1498-жылы э к и н ч и э к с п е д и ц и я с ы ­н а (кайрадан эле Американын жээгине) чык­кан. Себастьян (1475-жыл чен, Венеция – 1557, Лондон) король Генрих VIIIде картограф бол­гон. 1544-жылы дүйнөнүн картасын (ошол мезгил­ге ылайыктуу) түзгөн. Ошондой эле испан армия­сында ж-а флотунда кызмат өтөгөн. Буйрукка баш ийбегенине байланыштуу Африкага ай­далган. Англиялык көпөстөрдүн соода компаниясы­нын жетекчиси катары Европадан Азияга өтүүчү түндүк-батыш өткөөлдү издөө үчүн экспедиция уюштурган. Батыш Европа м-н Россиянын ор­тосундагы соода байланышты түзүүгө түрткү берген.