КАБЕЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:02, 1 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́БЕЛЬ (голл. kabel – аркан, трос) э л е к т р­д и к – ток өткөргүч бир же бир нече зым. Ка­бель электр энергиясын (күчтүк кабель), байланыш (байланыш кабель), билдирүү (радио жыштык кабель) сигналдарын аралыкка берүүдө, бөлүштүрүүдө, ар кандай электр-техникалык, радио-электрондук түзү­лүштөрдү, приборлорду туташтырууда (көзө­мөлдөөчү ж-а өлчөөчү кабель) колдонулат. Кабелдин тү­зүлүшү анын орнотулуу ж-а пайдаланылуу шар­тына: жер ж-а суу астында, абада, химиялык активдүү чөйрөдө, жогорку ж-а төмөнкү температурада, өтө нымдуулукта жайгаштырылышына жараша болот. Кабель ток өткөрүүчү зымдардан, ороочу ка­быкчадан ж-а сырткы сактагыч кабык сыяк­туу негизги элементтерден турат. Ток өткөрүүчү зымдары, салыштырма каршылыгы өтө төмөн болгон жез, алюминийден жасалып, ийүү, тол­гоо, чоюу учурунда оңой м-н сынбайт ж-а үзүл­бөйт. Кабелди ж-а зымдарын ороочу материал катары табигый (каучук, накта жибек ж. б.), жасалма (кабель кагазы, вискоза, ацетат жибеги ж. б.) материалдар ж-а синтездик полимер ко­шундулары пайдаланылат. Кабелдин кабыкчасы кө­бүнчө коргошун, алюминий материалдарынан жасалып, ток өткөрүүчү зымдарды химиялык жегич­терден, нымдан, жарыктан ж-а механикалык урунуудан сактайт.