КАБАРДА-БАЛКАРИЯ
КАБАРДА-БАЛКАРИЯ , К а б а р д а-Б а л к а р Р е с п у б л и к а с ы Россия Федарациясынын субъектиси. Россиянын Европа жак бөлүгүнүн түштүгүндө жайгашкан. Түштүгүнөн Грузия м-н чектешет. Аянты 12,5 миң км2.. Калкы 891,3 миң (2008); негизинен кабарда (48,2%), балкар (9,4%), орус (32%), украин (1,7%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 62,4 киши. Ислам (мусулман), ошондой эле православие ж-а протестант диндерин тутат. Административдик-аймактык жактан 9 районго, 8 шаарга, 2 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Нальчик шаары. Шаар калкы 56,6%. Ири шаарлары: Прохладный, Тырныауз.
Түштүк Федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы 1997-жылы кабыл алынган Кабарда-Балкариянын конституциясы тарабынан аныкталат. Мамлекет башчысы – президент. Парламенти 2 палатадан (өкүлдөр ж-а мыйзам чыгаруу) турат.
Табияты калктын жашоосуна ыңгайлуу. Экологиялык абалы канааттандырарлык. Республика Чоң Кавказдын түндүк капталында, Кабарда түздүгүндө жайгашкан. Ошондой эле республиканын аймагынан Чоң Кавказдын эң бийик жери Эльбрус чокусу (бийиктиги 5642 м; Россиянын да эң бийик жери) орун алган. Республиканын аймагынын 33%ин түздүк ээлейт. Январдын орточо температурасы түздүктөрүндө –2...–5°С (кээде –32°Сге чейинки суук болот), тоолуу аймагында –11°С, июлдуку 21– 24°С. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрүндө 300– 400 ммден 500–600 ммге, тоо этектеринде 900– 1100 мм, бийик тоолорунда 2400–3000 ммге че-

йин. Көптөгөн минералдуу булактары ж-а 2172ге жакын агын суулары (жалпы узундугу 5470 км; Золка дарыясынан башка) бар. Дарыялары: Терек, Малка, Баксан. Түздүктөрүндө негизинен кара, тоолорунда күрөң тоо-токой ж-а тоо-шалбаа топурагы басымдуу. Талаа ландшафты өрдөгөн сайын жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб), субальп ж-а альп шалбаасына өтөт. Мөңгүлөрү бар. Кен байлыктарынан нефть, вольфрам, молибден, коргошун, цинк, алтын, калай, бентонит чопосу, курулуш материалдар сырьёсу, таш көмүр казылып алынат.
Бул аймакка кабардалар ж-а балкарлар 13– 15-кылымдарда эле отурукташа баштаган. 1557-жылы Кабарда, 1827-жылы Балкария Россиянын курамына кирген. 1921-жылы Кабарда АОсу, 1922-жылы Кабарда-Балкар АОсу түзүлүп, 1936-жылдан Кабарда-Балкар АССРи болгон. 1944-жылы Балкария автономиясы жоюлуп, балкарлар республиканын аймагынан күч м-н чыгарылган. 1957-жылы Кабарда-Балкар АССРи калыбына келтирилген. 1992-жылы 5-январда республиканын алгачкы президенти шайланып, 1992-жылы 10-мартта учурдагы аталышы кабыл алынган.
Республика Россияда өнүккөн тамак-аш ж-а тоо-кен казуу өнөр жай ишканалары м-н өзгөчөлөнөт. РФте жемиш мөмөлөрүн жыйноо боюнча 8- орунда (жалпы РФте жыйналгандын 3,2%и), жүн өндүрүү боюнча 11-орунда (2,2%). Кабарда-Балкар – тоолыжа спорту, бийик тоо туризми ж-а альпинизм боюнча негизги аймактардын бири. Региондун дүң продукциясынын көлөмү 21389,9 млн рубль. Андагы айыл чарбасынын үлүшү 32,9%, өнөр жайдыкы 17% (2001). Чарбасы дан эгиндерин ж-а тех. өсүмдүктөрдү өстүрүүгө, сүт, сүт-эт багытындагы мал асыроого багытталган. Айыл чарбага жарактуу жери 665,0 миң га (жалпы жер фондусунун 53,2%и), анын ичинде айдоо аянты 310,8 миң га (47,7%). Дан эгиндери (66,2%, буудай, жүгөрү, арпа), тоют өсүмдүктөрү (20,7%) өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, жемиш өстүрүү ж-а асыл-тукум жылкы (кабарда тукуму) асыроо, аарычылык өнүккөн. Өнөр жайынын негизги багыттары: тамак-аш (40,4%, жашылча-жемиш, ликёр-арак, кондитер, спирт, минералдуу суулар ж-а алкоголсуз ичимдиктер), машина куруу ж-а металл иштетүү (26,8%; ири ишканалары – «Машина куруу з-ду» ААК, «Кавказкабель» ЖАК, «Терекалмаз» ААК), түстүү металлургия (5,8%; «Гидрометаллург» ААК), курулуш материалдары (3,7%). Темир жолунун узундугу 133,3 км, автомобилдики 3101,6 км (анын ичинде 1968,5 кми асфальтталган). Республиканын аймагы аркылуу Түндүк-Кавказ темир жол тармагы, «Кавказ» федерациялык автомагистралы өтөт. Эл аралык аэропорту бар. Республикада 301 жалпы билим берүүчү, 28 башталгыч ж-а орто окуу жайы, 7 ЖОЖ (анын ичинде университет; филиалдар м-н), 5 театр (анын ичинде музыкалык, куурчак), филармония, 2 бий ж-а ыр-бий ансамбли, 11 музей (анын ичинде Кайсын Кулиевдин үй-музейи ж. б.), 3 китепкана (анын ичинде азиздер үчүн) бар.
Ад.: Кабардино-Балкария//Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., 2008.
Р. Карачалова.