КАРГА СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРГА СЫМАЛДАР (Corvidae) – куштардын та­ранчы сымалдар туркүмүнүн тукуму. Дене уз. 65 смге чейин. Көпчүлүгү кызгылт көк кулпун­ган калың жүн м-н капталган. Тумшугу ж-а буту күчтүү. Жер жүзүндө 26 уруусу, 104 түрү тарал­ган. КМШ өлкөлө­рүндө 16, Кырг-нда 7 түрү бар. К. с-га кузгун, көк ж-а ка­ра карга, сагызган, таан, чөкө таан, чар карга ж. б. ки­рет. Алар токой, талаа, чөл ж-а тоо, эл жашаган ж. б. жерлерде кездешет.

Дарак, бадал, аска­га бириндеп, кээде топтошуп уялайт. Жылына бир жолу 3–8 чаар жумуртка тууйт. Келгин ж-а отуруктуу куш. К. с. азыгын ылгабайт. Кээси кемирүүчүлөр, зы­яндуу курт-кумурска ж. б. м-н азыктанып, пай­далуу. Айрымдары башка куштардын балапан, жумурткасын ж. б. жеп зыян келтирет. 2 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.