КАРБЮРАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРБЮРА́ТОР (фр. carburateur) – суюк отун (бензин, керосин ж. б.) ж-а абадан пайда бол­гон күйүүчү аралашманы даярдап, аны ичинен күйүүчү кыймылдаткычка үлүштөп берүүчү жаб­дуу. К-догу күйүүчү май чачырап, аба м-н ара­лашып, бууланат да, пайда болгон арал ашма к ый­мыл дат к ычт ын цилиндрлерине бе­рилет.

Анда ара­лашма тез ж-а то­лук күйүп, аба кы­сылганда поршен­дер иштейт. Күйүү­чү ар ал ашманы даярдоо к а р б ю­р а ц и я деп аталат. Цилиндрлерге келүүчү күйүүчү аралашманын саны дросселдик тоскуч аркылуу жөнгө салынат. К-дун ар кандай иштөө тартибинде күйүүчү аралашманын керектүү са­патын автоматтык жөнгө салгыч-өлчөгүч жаб­дуу камсыз кылат. Бул учурда цилиндрге кир­ген абанын өлчөмү дроссель клапаны аркылуу жөнгө салынып, күйүүчү майдын бүркүү учуру электрондук жабдуу менен аныкталат.